
Баткен облусунун Лейлек районунун Искра айылында жайгашкан чайканадан өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, өрт 11-октябрь күнү чыкты. Саат 21:47де өрт чектөөгө алынып, саат 00:24дө толук өчүрүлгөн.
Өрттүн кесепетинен 324 чарчы метр аянт күйгөн. Өрттүн себеби такталууда. Жабыркагандар жок.