Орусиянын Ички иштер министрлиги мигранттарды өлкө аймагына киргизүү режимине өзгөртүү киргизүүнү пландап жатат. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, мигранттарды үч режимде киргизүү пландалууда: кыска мөөнөттө, узак убакытка келүү жана дайымкы жашагандар.
Аталган өлкөдө узак убакытка калуу режиминде чет өлкөлүк жарандар жарым жыл ичинде, тагыраагы 90 күндөн ашык убакытка кала алышат. Ал эми кыска аралыкта өлкөдө калуу режими аталган аймакта 90 күн же андан аз убакытка калууга уруксат берилет. Эгер андан кийин өлкөдө калууну кааласа, узак мөөнөт режимине өзгөртө алат.
Ал эми дайыма жашаган чет өлкөлүктөр туруктуу жашап туруу укугу (Вид на жительство) берилет жана жарандык алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот.
Миграциялык режимди өзгөртүү чет өлкөлүк жарандарды эмгек ишкерлигине тартуу максатын көздөйт.