Бүгүн, 9-ноябрда 9:30дар чамасында Энергетиктер шаарчасында Чоң Чүй каналынан 3-ноябрь күнү Новопокровка айылында жоголгон эки баланын бири, 12 жаштагы Ырыскелди Шаботоевдин сөөгү табылды. Табылган сөөк жоголгон Ырыскелди Шаботоевге таандык экенин ата-энеси тастыкташкан. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басма сөз кызматы билдирди.
Ал эми жоголгон экинчи бала, 6 жаштагы Нурсултан Медербековду издөө иштери уланууда. Учурда соттук медициналык экспертиза Ырыскелди Шаботоевдин эмнеден улам каза болгонун аныктай элек. Бирок Чүй ОИББинин билдирүүсү боюнча, каза тапкан баланын денесинде зордук-зомбулуктун белгиси жок.