Орусиялык телеалпаруучу Ксения Собчак катышкан жол кырсыгынан каза болгон 35 жаштагы Екатерина Тарасова Красная Полянага жумуш үчүн келген. Бул тууралуу орус басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, Тарасова жалгыз бой эне болгон, анын артында жети жаштагы кызы жана улгайган апасы калды. Ал кызы менен Москва облусунун Звенигород шаарында жашачу. Анын кызын апасы кароо үчүн Новосибирск шаарына алып кеткен.
10-октябрда Сочиге жакын жерде Ксения Собчак бараткан таксинин айдоочусу каршы тилкеге чыгып, башка унааны сүзгөн. Тарасова жүргүнчү отурган отургучта болчу. Ал алган жаракатынан улам каза болуп, дагы эки адам ооруканага жаткырылган. Айдоочу күнөөсүн моюнуна алды.