Бишкектин Свердлов районунда Чоң Чүй каналына 11 жаштагы бала түшүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
"Осмонкул көчөсүндө Чоң Чүй каналына Л.Л. аттуу 2010-жылы туулган бала түшүп кеткендиги тууралуу ӨКМга маалымат түшкөн. Жергиликтүү тургундар жаш баланы суудан аман-эсен чыгарышып, куткаруу кызматына өткөрүп беришкен. Куткаруучулар өз алдынча биринчи жардам көрсөткөн соң "Тез жардам" кызматына өткөрүп беришти", - деп билдиришти ӨКМдан.
Жерине ӨКМнын Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын Куткаруу кызматынан 5 куткаруучу тартылган.