Бразилиянын президенти эмдөө албаганы үчүн футболго киргизилген жок

Бразилиянын президенти Жаир Болсонару коронавируска каршы эмдөө сертификатынын жоктугуна байланыштуу Бразилиянын ички чемпиондугундагы оюнга киргизилген жок. Бул тууралуу чет элдик спорттук басылмалар жазды.

Маалыматка ылайык, ал "Сантос" жана "Гремио" командаларынын ортосундагы беттешке киргиси келген.

"Эмнеге мага эмдөө сертификаты керек? Мен жөн эле "Сантостун" оюнун көргүм келген. Алар мага эмдөө керектигин айтышты. Эмне үчүн? Менде вакцина алгандарга караганда антителолор көп", - деген Болсонару.

Жекшемби күнү "Сантос" футболдук клубу коронавирус пандемиясына байланыштуу көп айлык тыныгуудан кийин көрүүчүлөр менен биринчи беттешин өткөрдү. Бразилиянын көпчүлүк штаттарындагы футболдук беттештерге эмдөө паспорту менен гана катышууга болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан