Орусия Кант авиабазасынан Су-25 чабуулчу төрт учагын Тажикстандын Дүйшөмбү шаарына жакын Гиссар аэродромуна которду. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
"Кыргыз Республикасында жайгашкан Орусиянын "Кант" аскердик базасынын Су-25 кол салуучу учактары Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун биргелешкен машыгуусуна катышуу үчүн Тажикстанга өткөрүлүп берилди", - деп айтылат маалыматта.
Бул учактар душмандын ойдон чыгарылган буталарын издөө жана жок кылууну табышат. Ошондой эле тоолуу аймактардагы машыгуу жана согуштук миссиялар учурунда мотоаткычтар менен танк бөлүктөрүнө абадан колдоо көрсөтүшөт.