Садыр Жапаров: "Акылбек Жапаровду "ичкен, жеген" деп сындап жаткандар, мен аны өзүм көзөмөлдөйм"

Бүгүн, 12-октябрда министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кызматтан бошотулуп, анын ордуна Акылбек Жапаров дайындалды. Муну менен катар эле Садыр Жапаровдун жарлыгы менен министрлер кабинетинин курамы да кызматтан кетип, ордуна өлкө башчысы жаңы курамды сунуштады.

Ага удаа эле өлкө башчы сунушталган жаңы курам боюнча Инстаграмдагы баракчасы аркылуу калкка кайрылуу жолдоду. Төмөндө Садыр Жапаровдун кайрылуусу:

"Урматтуу кыргызстандыктар!

Мен көптөн бери Жогорку Кеңеште талкууланып келе жаткан “Министрлер Кабинети жөнүндө” мыйзамга кечээ кол койдум, ал күчүнө кирди. Убакытты создуктурбай, дароо эле министрлер кабинетинин жаңы курамына талапкерлерди Баш мыйзамга ылайык, Жогорку Кеңешке макулдашууга жөнөттүм.

Айрым министрликтерге жаңы кишилер сунушталды. Февраль айынан бери ким кандай иштеп жатканын баамдап келе жатам. Эми мындан ары туруктуу, стабилдүү өкмөт иштеп баштайт.

Өкмөт башчысы алмашат. Ага Акылбек Жапаровду сунуштадым. Эмне себептен алмаштырды деген суроолор жаралат. Ар бир мамлекеттин эң негизги көйгөйү – бул казынаны толтуруу. Казына көбөйсө, элдин жашоосу жакшырат, пенсия-жөлөк пулдар, эмгек акылар көтөрүлөт, инфраструктура жана башка тармактар жакшырат. Мына ошондо гана күчтүү мамлекет боло алабыз.

Биз Акылбек Жапаров менен макулдашып, келиштик. “Быйыл казынаны 280 миллиард сом менен жапсам, эмдиги жылы 400 миллиард сомго жакындатам”, - деп сөз берди.
Эгер ага жеткире албаса, анда чара көрөм. Ошондуктан ал кишини азырынча сындабай, өкмөт башына коюп, убакыт берели. Анын мурдагы ишмердиги кандай болгонуна баа берип, “ичкен-жеген” деп сындап жаткан жарандарыбызга айтарым, менин убагымда анын ар бир баскан-турган кадамы, кыймыл-аракети толук жеке көзөмөлүмдө болот.

Анын иштерин текшерип турганга күчүм да, убактым да жетет. Эң негизгиси өзүм таза болсом баары таза болот. Өзүм казынага кол салсам, анда баары ага кол сала башташат. Мен мурункулардын катасын кайталабайм. Менин көзөмөлүмдүн астында “Кумтөр” маселесин бүтүрдү. Быйылкы бюджетти турукташтырды.
Казынага 24 миллиард сом кошумча акча түштү. Жетим-жесирлердин жөлөк пулдарын 100 пайызга чейин көтөрүп жатабыз. Ошондой эле Туруктуулук фонду түзүлүп жатат. Жана башка бир далай иштерди аягына чыгарды. Алдыда дагы бир топ иштер бар. Ошол үчүн убакыт берели.

Ал эми Улукбек Асамидинович да жаман иштеген жок. Жакшы иштеди. Жаш кадр. Оор мезгилде кыйынчылыктарды бирге басып өттүк. Тажрыйба топтоду. Анын келечеги алдыда".


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (36)
Antiradikal3
2021-10-12 22:38:43
Бул Садырынар аферист турбайбы? Былтыры айткан, кыйратам ишке киришсем деп. Арадан толук бир жыл отту. Кана кыйратканы? Пенсияны элди мазактагансып болгону 10% которуптур, инфляция 50-70% болуп жатса. Анда да пенсияны аз алганга аз, коп алганга коп кошуптур. 2 жылда азык-тулук да, бензин да, кийим-кече да, башкасы да дээрлик 2 эсеге осту. Айлык-маяна, пособилер болсо илгерки бойдон. Эми озунун колунан п** келбей, Акылбек Жапаров кыйратат деп чыктыбы?!
+5
Gold81
2021-10-13 14:24:35
Antiradikal3,Бул Антирадикал ушул жылдын апрель айынан катталыптыр суперинфого! Антирадикал мурунку бийликтин шайкаларынан болушу мумкундугу толук анык! Кыргыз элин ушундай ыплас комментарийлер менен бурмалап азыркы бийликти жаман корсоткусу келип жатат! Кыргыз элинин онугушун кааласан ачыка чыгып азыркы бийликтин алдына барып ойунду ортого сал кантип онуктуруу керектигин уйрот баарын билген болсон! Азыркы бийлике нааразы болсон мурунку бийликтегилердин иштерине ыраазымын деп элге айт!!!
+1
Antiradikal3
2021-10-13 19:10:19
Gold81, Садыр менен Камчынын жугундусун ичип сен да колхоз экенсин, даканса байкуш. Апрелдеби сентябрдабы, айырмасы канча сага, мен качан катталсам да...

Бир туруп Мадумаровчу, бир туруп Батышчыл деп, эми мурунку бийликти колдоп жургонсун деп чыктынарбы манкурттар? Ооба, Сокени колдоп жургом, Сокеге чейин, АШАны, АШАга чейин Отунбаева апженди, апжене чейин Бакиевди, Бакиевге чейин Акаевди, Акаевге чейин Масалиевди, Масалиевге чейин Усубалиевди колдоп жургом. Эми не дейсин?
+1
KaGaH
2021-10-13 20:29:26
Antiradikal3,91 жылкымын не дейсиң деп кой
-3
Antiradikal3
2021-10-13 19:15:28
Gold81, бийликке кайрылуу жолдо дейсинби? Соц.тармактарда ошончо кайрылуум бар, корбой калсан куноо озундо... Изден, кара... Дагы эмне кылайын? Сен ичкен жугундунду актап шефтерине жагынышын учун мен дагы бир нерселерди кылышым керек чыгаар? Мисалы шефтеринди мактап, кечирим сурап, экинчи кайталанбайт, адаштым ит болдум деп?

Илгерки беш каман арадан 120-150 жыл отсо да актуалдуу экен. Беш каман болгон сон, Арзыматтары менен борк ал десе баш алган дакансалары да болот экен.
+1
KaGaH
2021-10-13 20:28:39
Antiradikal3,30 жыл талкаланган экономика,талап тонолгон казына 1 жылда толмок беле,сен көк мээ окшойсуң,кыйын болсоң барып отур жогор жака толтура казынаны
-3
Antiradikal3
2021-10-12 22:42:39
Карапайым эл 6 сотых жерге жетпей журот. Калп болсо айткыла! Бергенге келгенде Окмотто жер жок, сатыкта ошончо жер бар. Жен ичинен бизнес кылып жатат чондор, элге жок деп, оздору жер болдуруп, майдалап болуп сатып. Сатып алайын десе баалары асманда жерлердин. Ал эми Акылбек Жапаров ошончо чон жерди кантип менчиктеп алды деген суроо болушу керек эле былтыры, тоекоруштон кийин. Кылмыш иши козголуп, абакта отурушу керек болгон бири Окмот башына келсе, эл кандай тушунушу керек?!
+7
Scorpion_09
2021-10-13 03:21:53
Antiradikal3, номеринди жазчы ,ажылдак катындай болбой . Эркек болсон суйлошолу...
-11
nazira...
2021-10-13 12:50:38
Scorpion_09,бул эч жерде иштебей эле супер инфону чукулап отурат окшойт, ушакчы катындардан бешбетер. Мышык майга жетпей сасык дейт дегендей бир нерсесин алдырып ийген, ичи ачышып күчүн быякта жазгандан чыгарат.Тооба, бул бала туулганына нааразы. Мындай адамдар эч качан ыраазы болбойт и болбой келген ушу күнгө чейин. Ойду түздөш керек.
-3
Antiradikal3
2021-10-13 13:30:08
nazira..., Жугунду ичиш керек деп чынын жазбапсын. Сага окшоп жугунду ичип, бироотун артын тазалап жашагандан коро жашабай койгон дурус, адам болуп жашай албагандан кийин...

Ал эми сага окшогон жугундукор дакансаларда намыс бар беле? Жугунду ичкенден уялбаган силер башка эмнеден уялмак эленер. Манкурт болуп калгансынар.....
+2
Gold81
2021-10-13 14:29:25
Antiradikal3,Ушул сен озун мурунку бийликтин жугундусун ичип жургон окшойсун ичин куйгонуно караганда э))) андай арманын болсо ачыка чыгып жок дегенде [moderated]тан же башка соцтармактардан азыркы бийлике, элге кайрылуу жаса арманым аттын башындай деп)))))))
-3
Sajakat14
2021-10-13 12:12:50
Antiradikal3,бекер жер алуу Кыргызстандын практикасыеда эле бар. Бекер жер кайда бар базар экономикасында. Памирлик кыргыздарга бекер жер берилет. Туура ал иш. Калгандарга эмнеге бекер жер берилиш керек?
-7
Antiradikal3
2021-10-13 12:25:58
Sajakat14, Акылбек Жапаровго окшогондор жуздогон гектар жерди ээлеп отурса эч нерсе эмес. Ал эми карапайым эл 4 же 6 сотых жер сураса коп корунуп жатабы?! Качан тоесунар кузгундар? Ансыз да коптогон жылдардан бери элге жер жок. Керек болсо мурзодогу жайлар да бизнеске айланды. Адам торолгондон олгонго чейин акча акча акча. Тойбогон акмактар... Силерге хан сарай салууга, ишканага, жайыттарга гектар гектар жерлер даяр, шаардын чок ортосунан болобу,тоодон болобу, элге жер жок...
+3
Antiradikal3
2021-10-12 22:44:36
Жапаровдор эл башкарсын дегениби Садырдын, карышкырга кой кайтартып?!

+9
Azat-123
2021-10-12 22:49:33
Садыр Нургожоевич өзү билетта кимди каяка коюшту, аралашпагылачы айланайындар, Акылбек жапаровту койгон себебин айттыго бул жыл 280 миллиард сомго которсо бюджетти эмки жыл 400 миллиардка жеткизем деп кепилдик бериптир, жеткизе албаса жоопко тартам деди, Садыр Нургожоевич бизге экономикабыз көтөрүлүүсү зарыл, итбай иштейби же чотбай иштейби айрымасы жок туугандар
-10
Antiradikal3
2021-10-12 23:08:30
Azat-123, сенин Нуркожон башканы коюп озуно жооп берип алсынчы. Кана былтыркы убадаларынын аткарылганы? Кана баалар томондогону, кымбатчылык жоюлганы? Кайдан киреше таап казынаны толтуруунун жолун билем деди эле го, эми озу эптей албай Акылбек Жапаровго туртуп отурабы? Негизи эле кайсы кадры тын? Окмотто бут жегичтер отурса. Отурат жнергетика министри, тажиктен ток сатып алып. Канчадан саиып алып жатканын да айтпайт, атасынын акчасына сатып алып жаткансып.
+10
Azat-123
2021-10-12 23:27:40
Antiradikal3,Ашанын убагында койсуңар малсыңар десе унчукпай чмого окшоп угуп отурдуң эле азыр эмне эле болуп атасың? ар кайсыга кийлигишип, ажобуз эртерээк экономиканы көтөрүп карыздан кутулгандын айласын издеп жатат, шүгүр кылганды үйрөнүшүң керек сен, сабырдуу бололу ынтымакта бололу олкобуз созсуз өнүгөт, Садыр сыйкырчы эмес бир заматта өзгөртүп ийгидей, убакыт керек тонолгон уурдалганды ордуна койуш оңой эмес, жакшы иштерин көрбөй эле жамандык издеп отурасың, пейлиңди оңдо, баары жакшы бол
-7
Scorpion_09
2021-10-13 03:19:47
Antiradikal3,Эй сен чын эле м.а.л экенсин ,кана корсотчу кайсы олкодо арзанчылык болуп жатат ? Эмнеге мурун ушинтип ажылдап чыккан эмес элен ? 10% эле которуптур дейсин ,сенин кимин ошончого которо алды эле ? Сокеби ,Ашабы? Кимиси кумтор менен мегакомду колго алды эле ? Эмне сага садыр жапаров сыйкырчы беле , бир айтканда кылгыдай ? Сен бир накта тоок м.э.э м.а.л экенсин
-5
Antiradikal3
2021-10-13 06:06:55
Scorpion_09, тупой сенсин, сен жана сага окшогон манкурт дакансалар баары. Козунорду май басып мурдунардын учунан алысты коро албаган сокурсунар. Дуйнодо бизчелик кымбатчылык жок. Америка, Европаны коюп Россияны эле алалы. 2020-жылдын январынан бери бизде азык-тулук 70-100% кымбаттады. Россияда ушул убакыт аралыгында азык-тулук 10-15% кымбаттады. Айырмасы асман менен жердей бекен?! ГСМ Россияда ушул убакыт аралыгында 7-8% кымбаттады. А бизде 54-90% кымбаттады. Буга не дейсин?
+5
Antiradikal3
2021-10-13 06:11:45
Scorpion_09, калганын айтпай эле коеюн. Курулуш материалдары, кийим-кече ж.б.

Пенсия мурунку президенттер убагында да которулуп келген 5-10%тен. Же сенин Нуркожон коп которуп койду деп ойлодунбу? Россия карантинде разовый пособие толоп берип элине, кары-картандарга жардам корсотуп колдоп жатты. 2 жыл аралыгында пенсия, пособие, айлык-маяналар бир топ осту Россияда. Мына августтан сентябрга эле орточо маяна 4,8% кобойуптур Россияда. Бир айда. А бизде 2 жылдан бери осуш жок.
+4
Taalaibek.
2021-10-13 07:29:11
Antiradikal3,Колдойм айтылган соз, атылган ок. Садыр Нуркожоевич соз берсе ал аткарыш керек себеби ал биздин ажообуз. Ажобузду коруп биз особуз. Ал созун берип созун аткарса биз дагы ошондой ажообуздай болгубуз келет. Ал созун аткарат. Бирок озу айткандай энергиянын тарифинин чектоосун алып салса болмок.
+6
KaGaH
2021-10-13 20:31:04
Antiradikal3,тууган бүткүл дүйнө жүзүндө кымбатчылык азыр бир эле Кыргызстанда эмес,убакыт керек ажого
-3
Antiradikal3
2021-10-12 23:17:08
Акылбек Жапаровунар интернетке тарап кеткен ошол жуздогон гектар жерди кантип менчиктештирип алган экен, эмнеге ошонун тарыхын жазбайсынар? Ташиев бийликти сындагандарды издегиче эмнеге Акылбек Жапаровго окшоп миллиарддарды синиргендердин арам байлыктары кайдан чогулганын изилдебейт ыя?!
+6
Sakubek
2021-10-12 23:51:56
Салыкты көтөргөндөн башка бокту билбейт бул
+8
Alishdaman
2021-10-13 00:03:05
Болсо текин жей бергин секин.Болбосо текин кете бергин секин деп.Убактылуу өкмөт башчысы Улукбек Мариповтун ордуна жесем жеймин жебесем ала кетем пакетиме сала кетем деп.Акылбек Жапаров келдиии
+4
Taalaibek.
2021-10-13 07:33:24
Alishdaman,текин жана секин деген эмне?
-4
KaGaH
2021-10-13 22:07:27
Taalaibek.,текин бул бекерге,секин деген акырын шашпай ))
0
Apyn8793
2021-10-13 01:34:21
Жаман ичинер куйуп атат э? Колунардан келсе барып министр или депутат болуп алгыла )))
-6
Zumrudianka
2021-10-13 03:02:13
Садыр Нуркожоевичтин атасына окшоп корогочтугу бар экен. Кумтордо алтын калбай калды деп созду айлантып аягында озунун тактикасын колдонуп аз кана убакытта Мекенибизге алып койду и баткендиктер дачасууга окшоп кан жутуп шолоктогон бойдон калбады. Жолдорду ондоп атат Аллахка чексиз шугурлор болсун. Кандай жакшы иш кылсада Чимкирикчилер, Мадуйчулар, эл душмандары, НПОшниктер эч качан корбойсунар. Силерге АЛЛАХ бар озу таразаласын.
-3
Antiradikal3
2021-10-13 06:16:21
Zumrudianka, жугундуну чектеп ичпей журуп какап олбогуло. Биринчиден Мегаком Садырга чейин эле мамлекеттин колунда болчу. Экинчиден Кумтор дагы да улутташтырыла элек. Центерра Кыргызстан койгон 3-4 миллиард доллар доонун 1 долларын да толоп берген жок.

Эми Баткен окуясына келсек, Баткенде тополондун келип чвгышына ким куноолуу? Сен колдогон Ташиев себепкер эмеспи? Ворухту алабыз дер опурулуп журуп, Баткен окуясынан кийин Кыргызстандын аймагы аркылуу Ворухка озубуз
+3
Mister-XXX
2021-10-13 22:52:48
Antiradikal3,Сага сөз жок экен.Бир эле сен Кыргызстанга күйүп жаткандайсың го.Сага каршы сөз айтса,даканса,жугундукор дейсин.Эгер сен этика,маданият дегенди түшүнсөң оюңду жаман сөз сүйлөбөй эле айта бер.Анан ушунча маданиятсыз болуп акыл үйрөткөнүң туура эмес.
-2
Antiradikal3
2021-10-13 06:20:39
Zumrudianka,жол салып беребиз деп калганы калппы же? Тажиктер талкалап орттогон уйлорду же тажиктер кайра салып бердиби? Баткендиктерге уйду оз чонтокторунон салып берип жатабы? Элдин акчасына салып берип жатат. Жолдорду бир жагынан салса экинчи жагынан талкалап жатат оор жук ташыган унаалар. Аларды козомолдогон эч ким жок. Баткенде контрабанда тыйылбай келет. Олкодо кымбатчылык. Коррупция. Хаос. Бийлик эмнени кыйратып койду, санап берчи бир четинен?!
+4
Antiradikal3
2021-10-13 06:24:39
Zumrudianka, баса, эмнеге Жеруй тууралуу ооз ачпайсынар. Жеруйду Бабанов менен Атамбаев бергени ырас. Бирок былтыпы тонкоруштон кийин таластык туугандар кенди иштеттирбейбиз деп иштеттирбей турушкан. Заводу ишке кире элек эле. Жапаров аван президент болуп шайланды, инаугурацтясы отту, Москвага Вова байкесине барып учурашып кайтты да, Жеруйго барып заводдун лентасын кесип ишке киргизип келди. Болбосо Жеруй кенин мамлекетке кайтарып алууга 101 себеп бар болчу.
+5
Dembele84
2021-10-13 10:32:47
Короче,онолбой калдык!
+7
bond0202
2021-10-13 13:44:00
Элдин жашоосу кандай кылса ондолот.ысырапкерчиликти ашыкча чыгаша кур намыс дегенди жоюнун жолуп ойлоп табыш керек президент деген.ансыз онолбойбуз.
0
KaGaH
2021-10-13 22:08:32
Ой энең жаман бири бирибизге кыйынбыз да,диванный эксперттер биринин этин бири жеп салды бул жерде
-4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан