11-октябрда Бишкектеги Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда өткөн Ka4eli Fest музыкалык фестивалынан кийин стадион таштандыга толгон. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы кабарлады.
"11-октябрда Спартак" стадионунда Ka4eli Fest музыкалык фестилы өттү. Ошол эле учурда администрация тазалыкты жана тартипти камсыздай алган жок. Бул үчүн Кыргыз Республикасынын өкмөтүнө караштуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигине 70-берене боюнча 13 миң сом айып салынды. Бирок алар мыйзам бузууну моюнуна алышкан жок, ишти бузуулар боюнча административдик комиссия карайт", - деп жазылат билдирүүдө.
Мэрия мындан ары мындай рейддер үзгүлтүксүз жүргүзүлөрүн белгиледи.