Пермдеги университетте ок чыгарган Тимур Бекмансуровдун учурдагы абалы айтылды

Пермь мамлекеттик университетинде ок чыгарып, 6 адамдын өмүрүн кыйган жан кечти Тимур Бекмансуровдун учурда абалы жакшы деп бааланууда. Бул тууралуу Орусиянын саламаттыкты сактоо министрлигине таянуу менен жергиликтүү басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, министрлик Бекмансуровдун абалы жакшырып калганын, ал эми Москвага дарыланууга жеткирилген атышуудан жабыркаган эки жарандын абалы канааттандырарлык экенин, дагы төрт бейтаптын абалы орточо оор экенин билдирген.

Өткөн аптада Тимур Бекмансуровдун абалы оор деп бааланып жаткан.

Эске салсак, Пермдеги университеттеги каргашалуу окуя 20-сентябрь күнү орун алган. Анда Тимур Бекмансуров аттуу юридикалык факультеттин 1-курсунда окуган студент 12 калибрдүү куралы менен окуу жайга кирип келип, бир канча жолу ок аткан. Анын огунан улам 6 адам каза таап, ондогон жаран жаракат алган. Полиция кызматкерлери Тимур Бекмансуровду жарадар кылып колго түшүрүшкөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KG-312
2021-10-13 02:57:52
Муну карап, багып не кыласыңар.
+1
Dembele84
2021-10-13 10:26:16
Анын абалын урганынар барбы,билинди айтылды дей берип куураттынарго
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан