Disney + платформасы жаңы жылдык үй-бүлөлүк "Үйдө жалгыз" комедиясынын ремейкинин биринчи трейлерин жарыялады. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, тасмадагы башкы ролду "Жожо коён" (Кролик Джджо) тасмасы менен таанымал 12 жаштагы Арчи Йейтс ойнойт. Тасманын сценарийи "Үйдө жалгыз" тасмасынын түпнускасына дээрлик окшош. Тасманын башкы каарманы Макс Мерсер үйдө жалгыз калып, анын бүт үй-бүлөсү кышкы каникулга Японияга учуп кетет. Үй бош экенин байкаган каракчылар ээси жок үйгө ууруга кирүүнү чечишет. Бала үйдү алардан коргоого аргасыз болот.
Тасманын режиссёру "Оскар" сыйлыгынын эки жолку талапкери Дэн Мэтер болгон. Тасманын бет ачары 2021-жылдын 12-ноябрына пландалган.