Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров чечен күйөрманына Грозныйдагы беттештен кийин жергиликтүү спортчуну жеңип алган Красноярсктан келген орусиялык мушкер Станислав Власенкодон ага карата бөтөлкө ыргытканы үчүн кечирим суроого мажбурлады. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, Станислав Власенко менен Хусейн Халиевдин ортосундагы беттеш 4-октябрда болгон. Чеченстанда жыл сайын бул күнү Рамзан Кадыровдун туулган күнүнүн урматына ММА боюнча турнир өткөрүлөт. Анда негизинен кабыл алуучу республиканын мушкерлери башка региондордун жана өлкөлөрдүн спортчулары менен беттешет.
Станислав Власенко былтыркы турнирде да 36 секунддан кийин атаандашын - Арби Агуевди нокаутка жиберген, бирок анда көрүүчүлөр тынчтыкты сакташкан. Бул жолу Красноярск мушкери соттордун бөлүү чечими менен жеңишке жетишкен. Спортчу сөз алууга аракет кылганда да көрүүчүлөр тынчтыкты сакташкан эмес.
Грозныйлык күйөрмандардын нааразычылыгы камералардын сыртында дагы уланган. Станислав Власенко тордон чыкканда, ага суу чачып, бөтөлкөнү ыргытышкан.
"Рамзан Ахматович баарын бат эле колго алды. Ал кишини жеке өзү ордуна койду. Мага бөтөлкө ыргыткан жигиттен кечирим суратты", - деп билдирген Власенко.