Ош облусунун Өзгөн районунда турак үйдөн өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Өзгөн районуна караштуу Прогресс айылындагы үйдөн өрт чыккан.
"Өрттүн кесепетинен үйдүн 90 чарчы метри күйүп, үй-буюмдары, эмеректери, документтери жана акчалары күйгөн. Өрттү өчүрүүгө эки бөлүм тартылып, саат 02:32де чектөөгө алынып, 05:07де толук өчүрүлгөн. Себеби такталууда, жабыркагандар жок", - деп билдиришти басма сөз кызматынан.