Чүйдө кароосуз калган сарай күйүп, аялдын жансыз денеси табылды

Чүй облусунда кароосуз калган сарайдан өрт чыгып, аял кишинин жансыз денеси табылды. Бул туурасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен маалымдашат.
Белгилүү болгондой, 13-октябрга караган түнү саат 00:57 чамасында Ысык-Ата районунун Кант шаарындагы кароосуз калган сарайда өрт чыкты. Өрттөн сарайдын 30 чарчы метр аянты күйүп кетти. Кырсык орун алган жерде белгисиз аял кишинин жансыз денеси табылып, милиция кызматкерлерине өткөрүп берилди.
Өрт саат 01:37де толугу менен өчүрүлгөн. Учурда өрттүн себеби такталууда.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан