"Siemens" компаниясы жана Германиянын "Deutsche Bahn" темир жол оператору дүйшөмбү күнү Гамбург шаарында дүйнөдөгү биринчи автоматташтырылган айдоочусуз поездин бет ачарын өткөрүштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, "Deutsche Bahn'тын" башкы директору Ричард Лутц "Автоматташтырылган темир жол операцияларын колдонуу менен биз жүргүнчүлөрүбүзгө бир чакырым жаңы трассаны салбастан, кыйла кеңейген, ишенимдүү, демек, жакшыраак кызмат көрсөтө алабыз", - деген.
Дүйнө жүзү боюнча бир нече аэропорттордо айдоочусуз бир рельстүү транспорттор жана Париждеги метро поезддери айдоочусу жок болсо да, жаңы "Siemens" жана "Deutsche Bahn" поезддери кадимки поезддер менен бирге иштеп жаткан темир жол инфраструктурасында коопсуз жүрө ала турган биринчи автоматташтырылган поезд болуп саналат.
Билдирүүдө "Siemens" жаңы поездди жасалма интеллекттин жардамы менен жүргүзөрү айтылган.