Британ ханышасы Елизавета II биринчи жолу таяк таянып эл алдына чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, 95 жаштагы ханыша Британиянын Королдук легионунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган салтанаттуу кызматка катышкан. Бул кайрымдуулук уюму согуш ардагерлерине жардам көрсөтөт.
Белгиленгендей, Елизавета II башкы имарат аркылуу эмес, акындар кире турчу эшик аркылуу кирген. Анткени ал жол кыска.
Букингем сарайы ханышанын ден соолугу тууралуу комментарий бере электиги маалым болду.