Филиппиндин Лусон аралынын түндүгүндө болгон "Маринг" тайфунунун курмандыктарынын саны 13кө жетип, дагы үч адам жаракат алды, тогузу адам дайынсыз. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Мурда маалымдалгандай, Бенгет провинциясында жамгырдан улам жер көчкү жүрүп, көп аймактарды суу каптаган. Учурда тайфун Филиппиндин аймагынан чыгып кетти. Ал эми синоптиктер жамгыр тынбай жаашы мүмкүн экенин эскертишкен. Өлкөдөн 11 миң киши эвакуацияланды.
Өлкөнүн өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматы боюнча, Филиппиндин 102 шаарында электр энергиясы үзгүлтүккө учурап, жүздөгөн үйлөр жабыркап, алардын жарымы толугу менен талкаланган. Айыл чарбасына 9 миллион 700 миң доллардан ашык зыян келтирилген.