"Мөөнөтү өтүп кеткен дарылар колдонулуп жаткан". Жалал-Абаддагы кургак учукка каршы ооруканада шарттар айтылды

Жалал-Абад облусунун Шекафтар айылындагы кургак учукка каршы ооруканада бүтүндөй корпуска бир эле душ бар, анын да жылуу суусу жок экени аныкталды. Бул туурасында Акыйкатчы институтунан кабарлашат.
Мекеменин билдирүүсүнө караганда, аппараттын жетекчиси, кызматкерлери "Укук кербени" долбоорунун алкагында Жалал-Абад облусундагы Шекафтар кыштагындагы облустар аралык кургак учукка каршы ооруканадагы бейтаптардын укуктарынын сакталышына мониторинг жүргүзүштү.
"Мониторингдин жүрүшүндө аныкталгандай, палаталарда бейтаптар үчүн жуунуучу жайлар каралган эмес. Бүтүндөй бир корпуска бир эле душ бар, бирок анын да жылуу суусу жок. Ажаткана подвалда жайгашкан, санитардык ченемдерге жооп бербейт. Мындан сырткары процедура бөлүмүндө жарактуулук мөөнөтү өткөн дары-дармектер колдонулат.
Аныкталган бардык кемчиликтер боюнча тиешелүү актылар түзүлдү. Алар тиешелүү органдарга табылган кемчиликтерди жоюу үчүн жөнөтүлөт", - деп айтылат билдирүүдө.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан