Жүк ташуучу унаалардын айдоочулары "Бишкек-Торугарт" чек арасынын өтүүдө ар бир унаадан себепсиз акча жыйнап жаткандыгын айтып чыгышты. Бул тууралуу видео ютуб каналына жарыяланды.
Анда айдоочулар Адилет, Ислам, Алмаз, Насип жана Эдиль аттуу жарандардын атын атап, Бишкек-Торугарт мамлекеттик чек арасынан өтүү үчүн 50 доллардан каражат жыйнап аларын айтып, мамлекеттик органдарга кайрылуу жасашты.
"Айдоочулардын арасында 2 жылдан бери "Торугарт-Кытайга" каттап жүргөндөр бар. Ар бир жүк ташуучу унаадан 50 доллардан (4 миң сомдун тегереги) алышат. Ал каражатты кайда жумшары бизге белгисиз. 10 миң долларлык анча-мынча жумуш жасап коюшкан. Биздин көйгөй ошол. Бизге бут тосуп иштегенге тоскоолдук жаратып жатышат. "Элита" (алардын жакшы көргөн айдоочулар) деп айдоочуларды алып алышты. Алар бир күндө кезексиз 4төн унаа киргизишет.
700дөн ашуун айдоочу каттап жатабыз. Баарыбыз 50 доллардан чогултканына каршыбыз.
Торугарт Кудайымдын кыргызга берген ырыскысы да. Ошондуктан бардык айдоочулар бир темпте иштейли десек, алар кожоюн болуп алышууда", - деп билдиришти айдоочулар.