“Хайян” куюну 10 миңдей филиппиндиктин өмүрүн алып кетти

2013-жылдын 8-ноябрында Филиппиндин Лейте провинциясында күтүлгөн “Хайян” куюну (тайфун) кем дегенде 10 миң адамдын өмүрүн алып кетти. Мындай маалыматты "Reuters" ("Рейтер") агенттиги бүгүн, 10-ноябрда билдирди. Кыйраткыч куюндан 4 миллиондой адам жапа чегип, 500 миңдей адам үй-жайсыз калды. 

         Жогоруда аталган агенттиктин маалыматында, Филиппиндин президенти Бенинго Акино каза тапкандардын болжолдуу санын да айткандан баш тартып, өкмөт толук эмес маалымат берүүдө деп айткан. Улам жаңы маалыматтар түшүп жаткандыгына байланыштуу көз жумгандардын саны 10 миңден да ашышы мүмкүн. 

Кыйроо тилкеси Филиппиндин борбордук бөлүгү боюнча 600 чакырымга созулган. Циклон шаардагы турак-жайлардын 80 пайызын кыйратып, жолдорду кулаган дарактар жана имараттар тосуп калган. Эң күчтүү кыйроо болгон жер - Таклобан шаары. Ошондой эле Пало, Ормок жана Бурауэн шаарларында да кыйроо, талкалануулар көп. Мындан тышкары куюн толкундарды 5 метр бийиктикке чейин көтөрүп, ташкындаган суу Самар жана Лейте аралдарында көптөгөн турак-жайларды жууп кеткен.

             Эскерте кетсек, тайфун - көбүнчө Азиянын түштүк жана чыгыш жээктеринде болуучу күчтүү куюн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
AZIK01
2013-11-10 17:34:22
Аллахым озу сактасын,кырсыктардан.
0
Elaman.kg
2013-11-10 18:59:50
Кудайым озу сактасын
0
KUMU89
2013-11-10 19:08:36
Allah ozun saktai kor. Akyry zamandyn bolup jatkany. Aayabai jaman boluptur.
0
010288
2013-11-10 19:19:03
алахым табигый кырсыктан озун сакта.
0
sher89
2013-11-10 19:26:10
Акыр замандын белгилери
-1
fomo
2013-11-10 23:34:03
аябай аянычтуу болуп жатат. олгондордун денеси кочодо эле кадимкидей жатат деп корсотту телеканалдардын биринде
0
muslimkg
2013-11-10 23:42:15
Аалымдардын айтышы боюнча бул кыяматтын белгилери 2 болунот экен.1 Чон алааматар,2 майда алааматар,ошол майда алааматтар болуп атат мына кыяматтын жакындап калганы.Аллах ар Мусулмандын журогун нурга толтур
0
jooshbala
2013-11-11 05:49:29
Кайдагыны айтпагылачы кыяматтын жакындаганы деп! Эмне силер кудайсынарбы?
Кыямат деген, учурдагы болгон окуяны айтат.Мына ушуга окшогондорду кыямат дейт.Кыямат бир күндө эле жерди талкалап же сыйрып кетпейт.Кыямат ар жерде болот.Жашоо улана берет.
Кудай сактасын баарыбызды!
+2
Bagirra
2013-11-11 10:43:26
Каза болгондордун саны 12 минден ашты деп жатышат, жана табыла элеги канча...
эн чон жоготуу, уйлор бамбуктан, бактан жазалгандыктан мындай тайфунга туруштук бере албастыгында, адамдардын бул тайфундун катуу болоорун туура кабыл албаганында,
баш калкалап качуудан мурун оз уйлорундо калып аягы ушуга алып келди, анткени филлипинде мындай тайфундар жылына 3-5 жолу болуп тураары белгилуу
Кудай табияттын кырсыгынан сактасын жана табиятка адамдардын залакасы тийип жыйынтыгы
т
0
Laden
2013-11-11 11:35:19
Россияда болбоптур ушул тайфун.Орустардын конулу башка жака бурулмак да а то мигранттардан башка жумушу жоктой болуп калды)))))
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан