Бишкектеги райондордун биринин администрациясында иштеген кызматкер укук коргоочулар тарабынан кармалды. Октябрь РИИБинин маалымат кызматынан билдиришкендей, кармалган аял алдамчылыкка шектелүүдө.
Маалым болгондой, милиция кызматкерлерине Б.А. аттуу жабырлануучу арыз менен кайрылган.
"Арызда райондук администрациянын кызматкери бала багып алууга жардам бермекчи болуп 3 миң доллар акча каражатын алганы, убадасын аткарбай жүргөнү айтылган. Ыкчам тергөө иштеринин жүрүшүндө шектүү катары 1962-жылы туулган И.Д. кармалды.
Октябрь райондук соту тарабынан шектүүнүн баш коргоо чарасы каралып, үй камагына чыгарылды. Тергөө иштери уланууда", - дешет мекемеден.