Facebook аккаунттарды эсепке алуунун жаңы системасын киргизди

Facebook жана Instagram социалдык түйүндөрүнө ээ болгон АКШнын Facebook компаниясы колдонуучулардын купуялык жөндөөлөрүн көзөмөлдөөнү жакшыртуу үчүн, ошондой эле жарнакта көбүрөөк эркиндик үчүн жаңы профилге көз салуу системасын киргизүүдө. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, буга чейин Facebook колдонуучунун эки социалдык тармактагы баракчаларын демейки шартта байланыштырып келген болсо, эми муну колдонуучу кааласа гана жасайт. "Мындан ары эгерде кимдир бирөөнүн Facebook жана Instagram аккаунттары эсеп борборунда бири-бирине байланбаса, биз жарнактарды пландаштырууда жана баалоодо бул баракчаларды эки башка адам катары карайбыз", - деп жазылган расмий сайтында.

Компаниянын айтымында, бул ыкма жарнама берүүчүлөргө маркетинг стратегиясында ийкемдүү болууга, ошондой эле аудиториянын санын көбөйтүүгө мүмкүндүк берет. Өзгөрүү бир нече жумадан кийин күчүнө кирери күтүлүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан