реклама
super.kg logo
  Саясат  

Садыр Жапаров депутаттарды трибунада сөз сүйлөөрдөн мурун маалыматтарды тактап алууга чакырды

 

Бүгүн, 13-октябрда президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңеште министрлер кабинетинин жаңы курамынын ант берүүсүнө катышты. Ант берүүдөн соң өлкө башчы сөз сүйлөп, депутаттарга кайрылып, трибунада айткан ар бир маалыматты сүйлөгөндөн мурун тактоого чакырды.

"Урматтуу депутаттар, силерден дагы бир сураныч. Трибунага чыгып алып сөз сүйлөөр алдында адегенде ошол маселенин чын-төгүнүн тактап алгыла. Анткени силер депутатсыңар, силердин сөздү эл олуттуу кабыл алат.

Мен Кытайга алтын концентраты чыгып кетти деген депутат боюнча айтып жатам. 17 жүк ташуучу унаа менен алтын концентраты Кытайга чыгып кетти деп маалымат берип, элди дүрбөттү. Мындай концентрат кечээ эле чыгып кеткен жок, 20 жылдан бери мыйзам чегинде чыгып келе жатат. Андан 3,5-4 миллиард сомго чейин салык түшүп жатат, бирок бул каражат бизди багат дегенден алыспыз. Биз мунун үстүнөн иштеп жатабыз, же салыгын көтөрөбүз же башка пайдалуу жагын карайбыз.

Депутаттар, бир маселе көтөрүү алдында аны текшергиле, силерде аны текшерүүгө бардык органдарга кайрылууга укугуңар бар. Бизге тынчтык керек", - деди Жапаров.

Сентябрь айынын соңунда депутат Аккулу Бердибаев "Жүк ташуучу 17 унаага жүктөлгөн аткезчилик алтын концентратын кытайлар чыгарып кетишиптир. Кимдер күнөөлүү?" деген суроо салган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(13)
13.10.2021. 17:41 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
459
Катталган:
06-09-2018
Соӊку аракети:
22-10-2021 01:15
Жынысы:
Белгисиз
-3
Болбосо кадайм деп кой )))
13.10.2021. 18:08 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
284
Катталган:
21-10-2020
Соӊку аракети:
22-10-2021 21:31
Жынысы:
Белгисиз
+4
Озун деле жалган маалымат таратып журбодун беле?
13.10.2021. 18:56 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
1427
Катталган:
07-10-2016
Соӊку аракети:
22-10-2021 13:05
Жынысы:
Белгисиз
-7
Datka7777,
Президенттен да картаң окшойсуз ?
13.10.2021. 18:40 
Тайпасы:
Конок
Комментарийлердин саны:
232
Катталган:
19-07-2021
Соӊку аракети:
23-10-2021 00:56
Жынысы:
Белгисиз
+2
Садыр Жапаров өрдөкдөрдү учура берет экен. Эң чон кемчилиги кадрдык саясаты. Гендердик саясатты бузуп жатат.
13.10.2021. 22:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
92
Катталган:
25-02-2019
Соӊку аракети:
22-10-2021 23:15
Жынысы:
Белгисиз
-3
ayzhan12, жакшы эле чачын жайып журот го сулуу
болуп, койсоңуз эми
13.10.2021. 18:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
721
Катталган:
12-04-2021
Соӊку аракети:
22-10-2021 21:53
Жынысы:
Белгисиз
+3
Олкодо балээнин башы Садырда турбайбы? Балык башынан сасыйт дейт. Олкодо коррупция кучоп жатса, демек бийликтин эн башында отургандар коррупцияга кекиртегинен малынып отурганын айнигелейт...

17 ири машине толо алтын концентраты. Бир тоннасында 3-5 грамм алтын деп корсотулгону менен, чындыгында 4-5 эсе коп алтын бар, алтындан башка кумуш, жез бар. 20 жылдан бери иштеп келе жаткан ото чон коррупция. Казынага 3-4 миллиард сом тушкону менен, 20-30 миллиард уурдалып жатат.
13.10.2021. 19:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
721
Катталган:
12-04-2021
Соӊку аракети:
22-10-2021 21:53
Жынысы:
Белгисиз
+3
Тынчтык керек? Демек мындай окуяны эл бмлбегени он болчу деп кыйытыптыр да. Бийликке келгенине 1 жыл болду, дагы эле жасаш керек деп куру убада менен журот. Садыр бийликте турса, кийинки куздо да алтын концентраттары ташылып жаткан болот. Олкодогу алтын-кумуш кендеринен Садыр менен Камчынын чонтогуно миллиарддар тушуп жатканынан же кумонунор барбы?!

Бажы тармагында койгой болгону учун Садыр Раимди кайтаргысы келип жатабы? Раим болгондо ызы-чуусу жок бутуп кетмек...
13.10.2021. 19:51 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
89
Катталган:
01-11-2020
Соӊку аракети:
23-10-2021 00:56
Жынысы:
Белгисиз
-5
Antiradikal3, е Далбаш буга чейин да отуп турган деп атат неге ошондо унчукпай отургансын айтчы же номерини жазчы эркек болсон
13.10.2021. 19:05 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
721
Катталган:
12-04-2021
Соӊку аракети:
22-10-2021 21:53
Жынысы:
Белгисиз
+4
Эхх Садыр, Садыр... Эл сага ишенип алданды. Сенин мындай эки жуздуу экенинди эл билгенде турмодон бошотпойт болчу...

Кымбатчылык менен курошом, бааларды жонго салам дедин, кайра кымбатчылык кучоду. 30 сомдук бензинди досун экоон 57 сомго котордун. Таза шайлоо откором дедин, кайра эле чимкириктер ат салышууда. Быйылкы шайлоо былтыркы шайлоодон кем калбайт ыпластыгы боюнча. Камчы экоон тен тууган-уругунду бийликке тарттын. Айлананды жегичтер менен курчадын... Кайран умуттор...
13.10.2021. 20:01 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
103
Катталган:
29-09-2020
Соӊку аракети:
23-10-2021 03:55
Жынысы:
Белгисиз
-5
Духтан бериптир президент.
Эми иштебесеңер атынып өлгулө өзунөр эле.
13.10.2021. 22:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
14-10-2020
Соӊку аракети:
22-10-2021 23:13
Жынысы:
Белгисиз
+4
Букадан сут алабыз дегенди да кошуп койбоптур,
13.10.2021. 22:37 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
47
Катталган:
14-10-2020
Соӊку аракети:
22-10-2021 23:13
Жынысы:
Белгисиз
+3
Депутаттар ар нерсени суйлоп ,айлык ала беришет,балдары арты Москвада МГУ да алды Лондондо, Американын алдынкы окуу жайларында окушат.Карапайым элдин балдары мектепти бутуп бутпой ата энеме жардам берейин деп жонойт Россия каяктасын деп.
13.10.2021. 22:55 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
459
Катталган:
06-09-2018
Соӊку аракети:
22-10-2021 01:15
Жынысы:
Белгисиз
-2
Батышчылар менен Текебаевчилер жаман болуп атышат, Кыргызстандын тагдырын калчай албай )))
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
178719;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: