Бүгүн, 10-ноябрда Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Тамашоу” лигасынын 6-сезонунун жарым чейрек финалынын экинчи күнү старт алды. Көрүүчүлөр залдын 90 пайызын ээлеп, сынактын ачылышын күтүп жатышты. Бүгүн 14 команда “биатлон” жана “фристайл” тапшырмалары боюнча өз өнөрлөрүн тартуулашмакчы. Алар: “Нацстан”, “Бороондуу Балыкчы”, “Вукинги”, “Чолпон”, “2-Рота”, “БГУ”, “Кыргыз двор”, “Кырк чоро”, “Бишкек”, “IUK”, “Айым стайл”, “Талас”, “НКБ” жана "No Name" командалары.