Москвада өспүрүм мектептин жанына келип ок чыгарды. Полиция шаарга "Сирена" операциясын киргизди

Москва шаарындагы мектептердин биринин жанынан ок чыгарган өспүрүм бала изделүүдө. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.

Маалыматка ылайык, мылтыкчан өспүрүм баланы мугалим аял көрүп калып полицияга кабарлаган. Өспүрүм мектептин аймагына кирип, асманга ок чыгарган. Учурда полиция шаарга "Сирена" операциясын киргизип, өспүрүмдү кармоо үчүн ыкчам-аракеттерди көрүп жатканы кабарланды.

Полиция өз кезегинде окуучуларга коркунуч болбошу үчүн мектепти курчоого алышкан. Полиция кызматы өспүрүм узун мылтык менен куралданып жүргөнүн тактаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
KG-312
2021-10-13 20:40:32
Мына силерге интернетин пайдасы!Интернеттеги оюндардын пайдасы!
+13
Ak_Bulut
2021-10-13 21:32:48
Пабж
+6
Wold
2021-10-13 23:30:28
Чыныгы террористтер деп ушуларды айтат.
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан