Орусияда Улуу Ата Мекендик согуштан калган снаряд комбайндын астынан жарылды

Орусиянын Ростов облусунда Улуу Ата Мекендик согуш жылдарындагы снаряд талаа иштерин жүргүзүп жаткан комбайндын астында жарылды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазды.

Маалыматка ылайык, окуя Нижнекривская фермасынын жанындагы талаада болгон. Жарылуунун кесепетинен эч ким жабыркаган эмес. Жергиликтүү тургундардын биринин айтымында, комбайндын арткы бөлүгү жараксыз абалга келген. Жарылуу болгон жер курчоого алынган.

Август айында Орусиянын Волгоград облусунун Городищенский районунда Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда калып калган снаряддын жарылуусунан 44 жаштагы киши каза болгон. Тергөөнүн версиясы боюнча, ал снаряддарды ажыратууга аракет кылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
KG-312
2021-10-14 00:00:37
Иш бүткөндөн кийин курчоого алгандан чье толк?
0
nazira...
2021-10-14 08:12:23
KG-312,дагы башка жарылгыч заттарды издешсе керек да. 76 жыл болсо да жарылбай тура берет экен да, тооба.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан