UFC мушкери Рафаэль Физиев мындан ары беттештерге Кыргыз өлкөсүнүн атынан чыкканды токтотот жана өлкөдөн үй-бүлөсү менен көчүп кетет. Бул тууралуу мушкер өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу видео кайрылууда айтты.
Рафаэль Физиев буга чейин Иракка дааватка барып келген. Мына ушундан кийин анын үй-бүлөсүнө миңдеген коркуткан билдирүүлөр келген. Ошол эле учурда Физиев үй-бүлөсүнө Муфтият тараптан дагы коркутуулар болуп жатканын айтты.
"Бүгүнкү күндө менин үй-бүлөм коркутууларга кабылып жатат. Мен миллиондогон адамдар сыяктуу эле Инстаграмдан өз жашоомду көрсөткөм. Бүттү. Мен кетем. Мени мындан ары Кыргыз өлкөсү менен эч нерсе байланыштырбайт. Биз жакында көчүп кетүүнү ойлонуп жатабыз. Мен коркутуулар келгендиги үчүн мындан ары мелдештерде Кыргыз өлкөсүнүн атынан чыкпайм", - деди Физиев.
Буга чейин Физиев социалдык тармактагы баракчасына "Бөрү баласы" деп жазып, өзүнүн машыгуудагы кыска гана видеосун жүктөгөн.