Өзбекстанда президенттик шайлоо күнү 207 райондук жана шаардык шайлоо участкаларына орнотулган 414 видеокамера добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзөт. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Борбордук шайлоо комиссиясы билдиргенин жергиликтүү басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, аталган өлкөдө президенттик шайлоо 24-октябрда өтөт.
"Өзбекстанда 207 райондук жана шаардык шайлоо участкаларына орнотулган 414 видеокамера добуш берүүнүн жүрүшүнө байкоо жүргүзөт. Бул 2019-жылга салыштырмалуу 3,5 эсеге көп. Видео көзөмөл "Өзбекстан 24" каналында көрсөтүлүп турат.
Участоктордо добуш берүү саат 08:00дөн 20:00гө чейин жүрөт.
Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, 10 миң 760 шайлоо участогунда 21 миллион 200 миң шайлоочу бар", - деп жазылат маалыматта.