Террорчулук ишмердүүлүктү каржылоого тиешеси бар жарандар кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, УКМК тарабынан жүргүзүлгөн террорчулукка каршы иш-чаралардын алкагында, террорчулук ишмердүүлүктү каржылоого тиешеси бар Кыргыз жарандарынан турган кылмыштуу топтун ишмердүүлүгү аныкталып, ага бөгөт коюлду.
"Тактап айтканда, чет өлкөдө резонанстуу теракты уюштурууга катышкан адамдарды каржылоого шектелип 1988-жылы туулган А.А. жана 1990-жылы туулган М.А. аттуу жарандар Бишкек шаарынан кармалды. Кармалгандар УКМКнын тергөө камак жайына киргизилип, учурда ыкчам иликтөө иш-чаралары улантылып жатат", - деп жазылат маалыматта.