УКМК: "Ош облусунун Ноокат шаарынын мэриясынын жооптуу адамдары кармалды"

Ош облусунун Ноокат шаарынын мэриясынын жооптуу адамдары кармалды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Жазык кодексинин 320-беренесинин 2-бөлүмү ("кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүштүн алкагында жүргүзүлгөн комплекстүү ыкчам иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө, Ноокат шаарынын жооптуу адамдары кармалды.

"2017-жылдан 2021-жылдын июнб айына чейинки аралыкта Ош облусунун Ноокат шаарынын мэриясынын жооптуу адамдары кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланышып, бюджетке 15 миллион 43 миң 720 сом өлчөмүндө зыян келтиришкендиги аныкталган. 13-октябрда Жазык-процессуалдык кодексинин 98-беренесине ылайык, Ноокат шаарынын мэри Н.Ж. жана мурдагы спикер, азыркы учурда Ноокат шаардык кеңешинин депутаты Г.А. кармалып, УКМКнын тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Азыркы учурда көрсөтүлгөн сотко чейинки өндүрүштүн алкагында күнөөлүүлөрдү жоопко тартуу жана бюджетке келтирилген зыяндын ордун толтуруу боюнча ыкчам тергөө иш-чаралары жүрүүдө", - деп жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Tariel_tt
2021-10-14 12:43:59
Жегени аныкталса турмодо чиришсин.
+2
KG-312
2021-10-14 13:07:06
Мэрияны полный тыгыш керек эле.
0
Fernando_Torres
2021-10-14 13:16:05
Уруулардын манжасын бирден кыркып салыш керек кийин урдай албас кылып же таш бараң эки жолу бар
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан