Түндүк Кореянын аскерлери Ким Чен Ынга башы менен бетонду сындыруу жөндөмүн көргөзүштү

Түндүк Кореянын борбору Пхеньяндагы аскердик көргөзмөнүн ачылыш аземинде өлкөнүн атайын күчтөрү өнөрлөрүн өлкө лидерине көргөзүштү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, жоокерлер таэквондону колдонуп, муштуму менен тактайларды бөлүп, мыкка чалкасынан жатып, кирпичти талкалап, темирди муштуму менен бүгүп, башы менен бетонду талкалап ар кандай жөндөмдөрүн көргөзүшкөн.

Иш-чарага Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ын катышып, аскерлерине жогору баа берген.

Ким Чен Ын көргөзмөнүн ачылышында АКШны же Түштүк Кореяны коркутуу үчүн эмес, согуштан коргонуу үчүн атайын күчтөрүн бекемдеп жатканын айткан.

Ким Чен Ынды аскерлери таң калтырды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Fernando_Torres
2021-10-14 13:13:58
Алга Кым чен ын
+3
ayzhan12
2021-10-14 14:24:49
Жоокерлердин баштары шумдук катуу экен. Бирок АКШнын аскердик техникасын баш менен сындыра алышпайт го.
-1
Ak_Bulut
2021-10-14 15:07:25
Бетонду автомат менен атып да теше сындыра албайсың , бул халтура ))
+1
Federik
2021-10-14 15:25:05
Азыр технология онугуп жаткан убакта мындай ыкмалардын эмне кереги бар. Азыр согуш болсо техникалар менен согушат.
+1
Mister-XXX
2021-10-14 18:18:22
Аскерге барбаган адамдар коментарий бербей эле койсонор.Физический да күчтүу болушу керек.Талибдер физический күчтүү болгону үчүн СССР да,Америка да жеңе алган жок.
+4
Federik
2021-10-14 18:53:47
Mister-XXX,кулкуну келтирбечи талиптер физически кучтуу деп. Нашёл с кем сравнивать.Талиптер карангы,сабатсыз калк болот,андай адамдарды жан кечти,камикадзе кылыш оной болот,потому что алар сага окшош карангы болот.
0
CAPATAH
2021-10-14 21:11:47
Federik,бир жеринди таза аарчыганды уйрончу
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан