Баткен облусунда жер титиреди

Баткен облусунда жер титиреди. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, саат 11:23тө Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Жер титирөө Кадамжай районунун Кожо, Үч-Коргон айылдарында жана Кызыл-Кыя шаарынын Кара-Дөбө айылында 2,5 баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kuyoo_bala
2021-10-14 21:41:16
Ошоо...бир досум келген Россиядан,ошол айылдан болот,ошого титирегенго жер)))
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан