Дубайда түгөйлөр болочоктогу наристесинин жынысын билүү үчүн жолборсту колдонушкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышты.
Маалыматка ылайык, акыркы учурда популярдуу болуп жаткан "гендер пати" кечесинде жубайлар жолборстун жардамы менен төрөлө элек наристенин жынысын билишкен.
Жаныбар кечеде атайын даярдалган шарды жарышы керек болчу. Анда наристенин жынысы жазылган кагаз бар болгон.
Бир топ сындар дароо наристенин апасына жааган. Көптөр мындай максатта жырткычтарды колдонуу ырайымсыз жана адамгерчиликсиз деп эсептешкен. Анткени алардын орду тойлордо эмес, жапайы жаратылышта.