Ноокатта Лексус менен Хундай Аванте унаалары сүзүштү

Ош облусунун Ноокат районунда Көк-Бел айылында Лексус унаасы жол кырсыгына кабылды. Бул тууралуу облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, кырсык 12-октябрда саат 21:00 чамасында болгон. Анда Көк-Бел айылынын 1992-жылы туулган тургуну Лексус ЛХ 450 үлгүсүндөгү унаасы менен Көк-Бел айылынан Ноокат шаарына бара жатып, Чеч-Дөбө айылында каршы багытта токтоп турган Хундай Аванте унаасы менен сүзүшкөн. Аны 27 жаштагы жаран башкарып бара жаткан.

Кырсыктын кесепетинен Хундай Аванте унаасынын жүргүнчүсү ар кандай жаракат алып, ооруканага жаткырылган. Ал эми Лексустан 2 жүргүнчү ооруканага кайрылган. Учурда кырсыктын келип чыгуу себептери аныкталып, тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
KG-312
2021-10-14 15:29:46
100% лексус 7м күнөөлүү.
+1
XATSAN125
2021-10-14 15:54:52
KG-312,Акча чечет ким куноолу экен бизде
+1
Fernando_Torres
2021-10-14 16:27:56
XATSAN125,акча чечет бирок ал жерде көрүп калгандар бар акчадан дагы көргөндөр чечет
-1
XATSAN125
2021-10-14 15:56:58
Былтыр болгондо К-19 оорусуна чалдыккан авто унаа берки к-19 ду сузуп кесепетинен салондун ичиндеги бут баары к-19 менен ооруп калышты деп жазышмак
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан