реклама
super.kg logo

Акылбек Жапаров иш сапарын алыскы Баткенден баштады. Анда ал инвестициялык форумга катышты

 

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкө аймактары боюнча алгачкы сапарын Баткен облусунан баштады. Анда ал "Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү" инвестициялык форумуна катышты. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматта Акылбек Жапаров аталган региондун өнүгүү потенциалын баса белгилеп, инвесторлор үчүн жеңилдиктер тууралуу айтканы жазылат.

"Баткен облусунун экономикасын өнүктүрүү стратегиялык мааниге ээ. Сиздерге белгилүү болгондой, Баткен облусунун өзгөчө статусу тууралуу мыйзам жана өнүктүрүү программасы кабыл алынып, иш-аракеттер планы бекитилген.

Мамлекет тарабынан чек ара аймагында иштеген ишкерлерге атайы салык режими түрүндө жеңилдиктер берилет. Ошондой эле өзгөчө инвестициялык режим киргизилген – министрлер кабинети инвестицияларга мамлекеттик кепилдик берет жана Баткен облусунун инвесторлору үчүн толук амнистия пландаштырылууда.

Мындан тышкары мамлекеттик түз сатып алуулардын уруксат берилген босогосу 2 миллион сомдон 5 миллион сомго чейин жогорулатылат. Бул режимдер – азыркы мезгилде Баткенге инвестициялоо, анын ичинде жергиликтүү ишкерлер үчүн жагымдуу мезгил. Мен жалпыңыздарды бул мүмкүнчүлүктү пайдаланууга чакырам. Негизгиси Евростандарт-5 боюнча иш алып баруу керек", – деди Акылбек Жапаров.

Бул форум Баткен облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо үчүн гана эмес, ошондой эле маанилүү макулдашууларга жетишүүгө мүмкүнчүлүк берери күтүлүүдө.

Иш-чара мамлекеттик органдардын, финансылык институттардын жана уюмдардын жетекчилеринин, потенциалдуу инвесторлордун, ата мекендик ишкерлердин, дипломатиялык корпустун жана эл аралык уюмдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда өтүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
178719;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2021 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: