Түркияда мыкаачылык менен өлтүрүлгөн кыргыз келиндин социалдык тармактагы баракчасына жазган акыркы билдирүүсү жарыяланды

Буга чейин Түркияда кыргыз келинин мыкаачылык менен өлтүрүп, жиликтеп таштандыга ыргытып салды деп кайнатасы шектелип кармалгандыгы кабарланган. Кийинчерээк үрөй учурган кылмыштын айрым деталдарын түрк басылмалары жазып чыгышкан.

Ал эми жергиликтүү массалык маалымат каражаттары 10-октябрь маркум келиндин туулган күнү болгонун, андан сырткары социалдык тармактагы баракчасына жазылган акыркы постун жарыялашты.

"Азыр мен 30га келдим, убакыт кандай тез учуп кетти. Менин бүт жашоом али алдыда экени, көп убакытым бар сезилген.

Жыйынтыктарды чыгарбайм, бул акылсыздык. Кандай болсо, ошондой болду. Демек ошондой болушу керек. Көптөгөн каталар кетти, керексиз сөздөр айтылды, бирок өкүнбөйм, эмне үчүн? Биз өзүбүз акырына чейин эмне туура, эмне туура эмес экенин билбейбиз. Ошол күнү мен өзүмө суроо берем: - "Сен бактылуусуңбу?",

- "Ооба, мен бактылуумун.

Албетте, жанымда мага кымбат адамдар жок - апам, атам, иним. Бирок алар дайыма менин оюмда. Менде эмне бар? Менин бакытым - уулдарым бар. Мени жакшы көрүп, күтүп турган үй. Сүйгөн жарым.

Ушул күнү мен ойлонгум келет, мындан ары эмне болот? Биздин жашыбыз сандар менен эмес, өзүбүздү канча жаштагыдай сезүүбүз менен өлчөнөт дешет. Мага жашым жагат.

Бул эми ойлонулбаган жаштык эмес, карылык дагы эмес. Мен жашмын, сулуумун, баары жакшы болоруна ишенем, анткени 30 жашта жашоо эми гана башталат.

Бул жылдар аралыгында мен жетилдим, мен азыр дээрлик баарына туруштук бере ала турганымдай сезилет. Мен күчтүү болдум, бойго жеттим. Чечимдерди кабыл алууну жана алар үчүн жоопкерчиликти алууну үйрөндүм. Бирок ички жан дүйнөмдө дагы деле, баягы эле жомокторго ишенген кичинекей, тентек кызмын. Мен аларга ишенгим келет.

Ал эми сүйүү деген эмне? Ал бар жана жашап келет, бирок андан башка да көптөгөн баалуулуктар бар. Мен жөн гана аны биринчи орундан алып салдым. Кийинкиси эмне? Билбейм. Билем, мен күчтүү болом, акылдуу болом, эң жакшы болоруна гана ишенем. 30 жашым кут болсун. Апакеме өмүр үчүн рахмат", - деп жазган келин.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (10)
Fernando_Torres
2021-10-14 17:55:46
Эми эмне дейбиз сени тирилтип ала албайбыз өкүнүчтүүсү ошол сен 30 жыл бою намаз окуп динде жүрдүңбү жокбу ал бринчи маселе өлүмдун секрети Сенин кылган амал ыйманында же тозокто же бейиште болосун
-11
Rusi79
2021-10-14 18:23:36
Fernando_Torres,кандай жургону менен сенин ишин эмне тойгуздунар ар кимдин акыретин ойлой берип,озундун ташынды тер да башка бирого сасык мурдунду тыкпа,ар бир акыл эстуу адам озу учун жооп берет.
+21
mira28
2021-10-14 21:22:42
Fernando_Torres,маркумга насаат айтпай озун барып оку намазды.Чындан динди тушунгон киши болсон кудайдан жон гана "куноолорун кечире кор жаткан жери жайлуу" болсун деген создорду жазмаксын.
+12
zhaynak
2021-10-14 18:54:24
Бир аяш атамын кызы туркко тийген. Эми жакшы эле жашашат экен. Куйо баласы врач, а кызы болсо мугалим. Корочи интелегентный эле семья экен. Аяш атамдар туркияга кызынын уйуно барышыптыр. Барса туркторго турмушка чыккан эжелер уйуно конокко чакырыптыр. Барсам бир эки малы бар экен сут сатып кун корот экен дейт. Ошол жакка барып туркко тийгенден коро, кыргыздын бир итибайына тийип албаптыр деп, айтып келген эле
+15
Chagylgan7
2021-10-14 22:44:29
zhaynak,Менин да аяш апам Турцияда,бирок соонун эле жашашат.Баласы Бишкекте славянский универде окуйт,Дордойдо точкалары бар.КРга келип турушат.Эми адамдын озунон го Кандай жашаш Кандай оокат кылыш …Хотя алар сут сатышса КРдагы Кээ бир жалгыз бой энелер толтура баласын эмне мн багышты билбей кочодо калып жатышат го .Ошондуктан бир тараптуу ойлогон Туура эмес .Лично озум воообще Турция кызыкпайм ,комменте мени талап кетпегиле туркко тийгин барбы деп,жок туркторду короорго козум деле жок
+3
Chagylgan7
2021-10-14 22:44:54
Chagylgan7,Болгону окуяны Бардык жактан караш кк
+2
zhaynak
2021-10-14 23:40:48
Chagylgan7, эми ушунча турцияны энсеп баргандан кийин, ошого жараша жакшыраак жашаса дейм да. Турция деп барып алып, омур бою ал жакта кыйналып отуп кетпей. Андан коро оз уйум олон тошогум дегендей, мекенинде каткан нан кепшеп отурганга не жетсин.
+3
Chagylgan7
2021-10-15 00:20:04
zhaynak,Ооба ал жагы да туура.Эми адамдар да ар кандай
0
CAPATAH
2021-10-14 20:52:57
Акылдуу кыз экен эле,Кудайым рухун шат кылсын
+3
Sajakat14
2021-10-14 22:24:04
Жаткан жери жайлуу болсун! Жапжаш экен.Кайнатасына Кудай тараза!
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан