Ысык-Көлдөгү курулуп жаткан “Ак-Куу” эс алуу үйүндө 10-ноябрда кароолчу шеригин өлтүрүп койгондугу тууралуу маалыматты Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 11-ноябрда билдирди.
Аталган басма сөздүн маалыматына таянсак, 10-ноябрда милицияга “Ак-Куу” эс алуу үйүнөн азиат түспөлүндөгү белгисиз адамдын жансыз денеси табылгандыгы тууралуу кабар түшкөн. Айтылган дарекке барган оперативдүү топ эркек башына катуу сокку алгандан өлгөндүгүн аныкташкан. Өлгөн адамдын өздүгүн тактай келгенде, ал Түп районунун Балбай айылынын 51 жаштагы тургуну К.Айтуганов болуп чыккан. Милиция кызматкерлери кылмышкердин изин суутпай кылмышка шектүү деп Ысык-Көл облусунун Корумду айылынын 41 жаштагы жашоочусу, кароолчу болуп иштеп жаткан Кубанычбек С аттуу жаранды кармашты.
Кармалган адамдын берген көрсөтмөсүнө таянсак, өлгөн кароолчу экөө арак ичишкен. Анан чатак чыгып, өзүн ыза кылган тигини башка таш менен бир нече урган соң, уктап калган. Эртең менен ойгонуп, шериги өлүп калганын көргөндөн кийин из жашырып кеткен.
Кылмышка шектүү адам убактылуу кармалуучу жайга киргизилип, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.