Пермь шаарынын Дзержинский райондук соту Пермь мамлекеттик университетинде алты кишини атып өлтүргөн 18 жаштагы Тимур Бекмансуровдун соттук отурумун оорукананын актовый залында өткөрдү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайык, соттук отурумга Тимур Бекмансуров майыптар арабасына отуруп катышкан. Ал күнөөсүн толугу менен моюнуна алган. Сот аны эки айга камакка алуу түрүндө чечим чыгарган.
Видеодо Тимур Бекмансуровдун сол буту кесилгенин көрүүгө болот. Анын жанында бир нече күзөтчүлөр кайтарып турат.
Эске салсак, Пермдеги университеттеги каргашалуу окуя 20-сентябрь күнү орун алган. Анда Тимур Бекмансуров аттуу юридикалык факультеттин 1-курсунда окуган студент 12 калибрдүү куралы менен окуу жайга кирип келип, бир канча жолу ок аткан. Анын огунан улам 6 адам каза таап, ондогон жаран жаракат алган. Полиция кызматкерлери Тимур Бекмансуровду жарадар кылып колго түшүрүшкөн.