Ооганстанды басып алган "Талибан" террордук кыймылынын өкүлдөрү Ооган жарандарын америкалык курал -жарактарды жана ок -дарыларды тапшырууга чакырды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышты.
Маалыматка ылайыык, "Талибан" кыймылы согушкерлеринин чабуулу астында коопсуздук күчтөрүнүн чегинүүсү учурунда тургундар тарабынан уурдалган куралдарды кайтарып берүүнү суранган.
"Ооганстандын жарандары курал-жарактарын талибдердин ыйгарым укуктуу мүчөлөрүнө тапшырышы керек", - деп айтылат маалыматта.
Буга чейин, АКШ Ооганстандагы аскердик базасын чыгарып кеткенден кийин "Талибан" кыймылына 22 миң брондолгон унаа, 358 миң автоматтык мылтык, 176 замбирек, 8 миң жүк ташуучу унаа, аскердик транспорт учактары жана 100дөн ашуун тик учагын калтырганы маалымдалган.