Чүйдө сарай, 1 миң 500 түк чөп жана 4 уй күйүп кетти

Чүй облусунун Жайыл районунда сарай, 1 миң 500 түк чөп жана 4 уй күйүп кетти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы кабарлады.

"Новониколаевка айылындагы Новосельский көчөсүндө 180 чарчы метр сарай жана 2-кабатында бастырмада 1 миң 500 түк чөп, 4 уй толугу менен күйдү. Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм тартылды. Саат 14:40та чектөөгө алынып, 17:18де өрт толугу менен өчүрүлдү", - деп билдиришти ӨКМдан.

Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан