Аламүдүндө автобус сүзүп кеткен 85 жаштагы эне каза тапты

Аламүдүн районунда 8-ноябрь күнү жол кырсыгы болуп, 85 жаштагы пенсионер каза тапты. Кырсык Бишкек шаары менен Орто-Сай айылынын ортосундагы унаа жолунда болду. Автобустун 57 жаштагы айдоочусу рулду башкара албай калып жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткенин Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти. Жабырлануучу ооруканадан көз жумду. Медициналык экспертиза дайындалып, айдоочу спирт ичимдигин ичпегендиги белгилүү болду. Автобус айып аянтчасына токтотулуп, кырсык боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгы иликтөө жүргүзүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан