Ош шаарындагы "Келечек" базарында өрт чыкты

Ош шаарындагы "Келечек" базарында өрт чыкты. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, өрт 15-октябрга караган түнү саат 00:21 чамасында ашканадан чыккан.

Өрттү өчүрүүгө ӨКМдан жалпы 7 өрт өчүрүүчү бөлүм, ыкчам топ тартылган. Мындан сырткары электр тармагы кызматынан 1 бригада жана ИИМдин кызматкерлери тартылган.

Өрт саат 01:13тө чектөөгө алынып, саат 03:37де толук өчүрүлгөн. Натыйжада ашкана, токардык цех, кийим сатуучу дүкөн, азык-түлүк дүкөнү, текстиль дүкөнү, жаңы курулуп жаткан дүкөндүн чатыры күйгөн.

Жабыркагандар жок. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан