Чүйдүн Токмок шаарында 33 жаштагы эне наристесин эмизип жатып уктап калгандыктан баласы тумчугуп калган. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 14-октябрь күнү Токмок ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө ушул жылдын 11-августунда туулган ымыркай каза болуп калганы боюнча маалымат келип түшкөн.
"Тергөө ыкчам тобу окуя болгон жерге барганда 33 жаштагы ымыркайдын энесинин айтуусу боюнча, баласын эмизип жатып уктап калгандыгынын себебинен ымыркай тумчугуп чарчап калган.
Аталган окуя 14-октябрда Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "этиятсыздыктан өлүмгө алып келүү" беренеси менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Окуя боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалып, ымыркайдын жансыз денеси Токмок шаарындагы өлүк кармоочу жайына жеткирилген.
Учурда өндүрүш иши боюнча тийиштүү тергөө амалдары жүргүзүлүүдө", - деп жазылат маалыматта.