Садыр Жапаровду "лампочкам" деп алкаган аял президентке жолукту

Буга чейин социалдык тармактарда президент Садыр Жапаровду "лампочкам" деп алкаган аял президентти сагындым деп Бишкекке келген видеосу тараган.

Гүлнара Назаркулова президент Садыр Жапаровго жолукту. Ал бул боюнча SUPER.KG порталына төмөнкүлөрдү айтып берди.

"Бишкекке бир жылда 2-3 жолу келип турчумун. Пандемия болгондон бери эле коркуп барбай калгам. Бул жолу Бишкекке тойго баргам. Садырды энелик мээрим менен аябай жакшы көрөм, сагынам. Анан интернеттен көрүп ыраазы болуп калам. Балдарымды кандай жакшы көрсөм, Садырды дагы ошондой жакшы көрөм.

Садырды көрүп каламбы деп өкмөт үйүнө баргам. Ал жакта митинг болуп жаткан экен. Балдар мени көрө калышып, "лампочка эже" экен деп жабалактап калышты. Видеого тартып дагы интернетке чыгарып жиберишиптир.

Кабылдамада турган жигит "эже, эмнеге келдиңиз?" деп сурап калды. Садырга жолугуп бир өөп алайын дедим. "Эже, президент иштеп жатат, бошобойт" деди. Жолукмайынча кетпейм деп отуруп алдым.

Ал жерге турмуштун оор сыноосуна кабылгандар, көйгөйү көптөр барышат экен. Аларды көрүп алып, кой эми кете берейин, Садырды ютубдан көрүп алам да дедим. Арча-Бешикке маанайым жок барып жатып алгам.

Анан депутаттыкка мандатын коюп жүргөн бир кайним ушунча келгенден кийин жолугуп кет, сүйлөшүп көрөйүн деп чалып калды.

Президенттин кабыл алуусуна кирип жатканда өзүнчө эле сүрдөдүм. Буга чейин эч кимден сүрдөчү эмес элем (күлүп). Кабинетке кирип барсам эле Садыр ордунан туруп келип учурашты. Сүйлөшүп отурдук. Садырдын жанында отурган адам аябай ыраазы болот экен. Мага жоолук белек кылды. Анын жанында конверт бар экен. Ыраазы болуп кайттым. Ак Үйдө отургандардын баары кичипейил жакшы адамдар экен.

Ар ким ар кандай нерселерди жаза беришет. Аларга деле мейли дейм. Алар жок болсо, жашоо кызыксыз болуп калмак да.

Эми Садыр Жапаровдун иштегенине убакыт беришибиз керек", - деп билдирди Гүлнара апа.

Буга чейин Гүлнара Назаркулова Садыр Жапаровду кайсы убактан бери колдоп келерин айтып берген.

"Менин балам 4 ай дааватта жүргөндө Садырдын атасы бир мечитке чай берип, мончо уюштуруп берип, "балам абакта бата кылып койгулачы" деп ыйлаган экен. Балам дааваттан келгенден кийин мага айтты. Анан Садыр ким экен деп сурап калдым. Балам мага ал жөнүндө айтып берди. Мен дагы беш убак намаз окуганда Садыр түрмөдөн чыгып калсын деп дуба кыла берчүмүн", - деген ал.

Эске салсак, буга чейин "Садага болоюн Садыр, мени карап кой, чырагым, лампочкам" деп айткан видосу тараган.

Көп өтпөй SUPER.KG порталы Гүлнара Назаркуловадан маек алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (34)
Antiradikal3
2021-10-15 12:11:17
Комментарий кана?
+8
Antiradikal3
2021-10-15 12:13:52
Бул даканса апанар Садырдын колунан жугундусунун акчасын алайын деп барыптыр да... Жугундусун алган сон дароо Садырды мактап баштаптыр, жугундусун актайын деп.....

Олкодо мындай подхалимдер бар экен, коом онукпойт.....
0
nazira...
2021-10-15 14:28:51
Antiradikal3,сага эмне кылды деги бул аял. Энеңди сыйлайсынбы сен. Сага сенен башканын баары жугундукор экен, кетип эле калчы жакпаса кыргызстандан. Мынча ичиң тар, оюң жаман адамсын. Наборот салымыңды кошпойсунбу аз да болсо.
-4
Antiradikal3
2021-10-15 14:32:01
nazira..., Жугундукор ким? Сага окшогондор, намысын жыйыштырып бийликтин каичысын чаап, троллить этип, бийликтен подачка куткондор.....

Элдин баары жугундукор эмес, сага, тиги апана окшогондор жугундукор.....

Мен мындай жугундукорлорду сыйлабайм, мейли эркек, мейли аял, мейли жаш, мейли кары болсун....
+8
nazira...
2021-10-15 14:41:01
Antiradikal3,анда неге жугундукорлорго ар бирине ответ жазып отурасын теңелип.жугунду да ашпай калган го сага. Ошон үчүн кудай бербейт да сага, мынтип жугундукорлор менен кайым айтышып калдың. Бүгүн жуманамаз барбасаң да керек супер инфодон бошобой.
-6
Ela93
2021-10-15 14:51:41
nazira..., туура айтасын Бир тууган! Бул сабаттуулардан!! Булардан акылдуу Адам жок, оздору ошентип ойлошот!
-7
bond02
2021-10-15 12:18:05
Садырга токол бол эми, мактоо жагат экен да Садырга да.
+9
Antiradikal3
2021-10-15 12:28:16
Бул "лампичкесинин" айынан жазга чейин миндеген уй-булолор кыйналат экен да, ара кундо жарык очуп, айрыкча шаарда кабаттуу уйдо отургандар суукка тонуп, жарык жок, плита иштебей..... Баарынан да кары-картандар менен колунда эмчектеги наристеси бар энелерге кыйын.......

Садыр келсе жашоо укмуш болуп кетет деп куттунор эле, мына, силер куткон кун келди. Тезек терип тезек жаккыла эми......
+16
Gold81
2021-10-15 14:11:25
Antiradikal3,Сен озу бул жашоого жаралганына да нааразы болсон керек. Карап отурбай колундан келсе жардам бер наалый бербей. Ушу сага жугунду жетпей калганго мурункулардан э))) баары жакшы болот ИншаАллах тууган Кудайга шугур келтир наалый бербей.
-7
Antiradikal3
2021-10-15 14:35:48
Gold81, жугунду ичкенге озуно окшогондорду чакыр, жардамга.....

Эгер олкону айтып жатсан, мейли олко ичинде, мейли олко тышында иштеп жаткандар, элдин ырыскысына кол салып уурдабагандар, мына ошолордун баары олкого салым кошуп келет...

Жооптуу кызматтарга дейсинби? АКШ, Туркия жана Европанын алдынкы олколорунун мыкты университеттерин буткон билимдуу, акылдуу жаштар тышта журот. Келгенде да аларды кызматка жолотпойт. Жооптуу кызматтарда чимкирик олигархтардын балдары.
+9
-FREEDOM-
2021-10-15 12:39:40
Ой тооба . Бир эле Кыргызстанда кымбатчылык болуп жаткандайгоо
-7
Ela93
2021-10-15 12:41:09
Antiradikal3, сени бензин чачып орттой турган Адам экенсин! Садыр же башкасыбы мамлекетти онукткрсо болгону! Жакшы ниет, жакшы кумон кылышыбыз керек!
-6
Antiradikal3
2021-10-15 13:23:38
Ela93, дагы баштадынбы Садырды мактап, Садырдын жугундукор дакансасы.....
+8
Fernando_Torres
2021-10-15 13:04:04
Antarctica бул кулиевада иштейт апасы дагы сойку болгон мен билем бул катын 35 де жашы
-22
Simels
2021-10-15 13:13:07
Садыр алдады, кыйратпайт деп жазгандарга жана ушундай ойдогу адамдардын акылсыздыгына таң каламын!
1. Жапаровдун иштегенине 1 жыл толду жакшы өзгөрүүлөр бар жана көп аларды көрүп жатсаңар дагы айткыңар келбейт!
2. Туура кымбатчылык болуп жатат, ал жалгыз эле бизде эмес дүйнө боюнча болуп жатат аны дагы жакшы түшүнүп, көрүп туруп тескери сүйлөйсүңөр! Ошол эле Россияда нефтинин мекенинде бензиндин баасы 53-55рубльду түзүп жатат! Жана башка көп сөздү жазайын дейм батпай калат экен.
-14
Simels
2021-10-15 13:17:19
Simels, Сабырдын түбү сары алтын дейт кудайдан дуба кылалы. Өнүгүү - бул ар бирибизден башаталат. 1 жылда сазга баткан мамлекетти эмес ошол критиковайтетип жаткан адамдар өзүнүн жашоосун оңдой албайт же бир тоок кана же туалет сала албайт!
-9
Antiradikal3
2021-10-15 13:30:30
Simels, Кудайды карап кошомат кылчы, даканса! Россияда АИ 92 бензин азыр 46-47 рубль. Былтыры жазда 43 рубль болчу. 3-4 рубль кымбаттады. А бизде Садыр турмодон чыкканда АИ 92 бензин 30 сом болчу, бугун 58 сом. Суу май литри 80 сом болчу, бугун 160-180 сом. А Россияда орточо 100 рубль болчу, бугун 120 рубль. Башка олколордо азык-тулук, бензин, кийим-кече бир жылда 5-15% кымбаттаса, бизде 50-70% кымбаттап жатат. Аларда ацлык маяна, пособие которулуп жатат, а бизде жок!
+10
Simels
2021-10-15 14:05:17
Antiradikal3, Кайсыл жерде 46-47 рубль экен ? Далилиң барбы көргөзчү. Андай Кымбатчылык баардык жерде! Мейли эми сендей эл-бузарларга убактымды коротуп түшүндүрбөй эле коеюнчу! Бир апаны эчтекесин билип-билбей эшеке, сойкуга теңегениңер туура эмес!
-10
Antiradikal3
2021-10-15 13:35:33
Simels, Эми аран 1 жыл толду дейсин, иштейм деген адам 3 айда результат корсотот. 1 жылда канча канча иштерди бутурсо болот. Олкону ондой турган кадрлардан команда тузсо болот. Ким онуктурот Кыргызстанды, Акылбек Жапаров башында турган ууруларбы же актап элге жакшы корсоткусу келген Раим уурубу?!
+10
Gold81
2021-10-15 14:16:16
Antiradikal3,Ушул сени таап камап койсо результат деп билет элем сага окшогон эл бузарларды чекеден таап камаш керек сооп болот!!!
-4
meni_kut
2021-10-15 13:15:51
Баарынарды эне туубай эшек тууганбы?
-12
Antiradikal3
2021-10-15 13:24:56
meni_kut, эшектен айырмасы жок энелер болот. Аялдын баары периште деп ойлодун беле?!
+7
baisogur
2021-10-15 13:47:45
Antiradikal3,энелер жонундогу созунду окуп алып башынды айра чапкым келди интернет баатыр
-9
nazira...
2021-10-15 14:46:59
baisogur,кыскасы сөз жок бала экен бул. Көңүл бурбай эле кой.
-10
Chagylgan7
2021-10-15 13:58:32
Antiradikal3,кошулам аялдын баары периште эмес
+7
Apyn8793
2021-10-15 13:29:28
Бийликке Текебаевдин кучугу Шаолин келгенде Кыргызстан чачырап кетмек, мына ошондо тезек жакмак элдер. Батыш менен Текебаевке кызмат кылган кучуктор суйлой берет.

Антирадикал3, ушул жашы откон апаны шылдындабай, асылбай эле койсон болмок, денгээлин томон экендигинди коргозуп койдун. Сага окшогондор бийликке келгенде Кыргызстан сыздын сызына отурмак.
-13
Chagylgan7
2021-10-15 14:00:37
Ушундай кошоматчы аялдар бар,даже оз балдарын мындай жакшы корбойт.Жон Эле хайп кармап
+12
Baktiyar731
2021-10-15 16:48:42
Chagylgan7,мен да таң калам ушундайларга, Президент болсо эле кучактап, өбүш керекпи? Деги бул аялдын үй-бүлөсү барбы, апасынын ошоматына уялбайбы деген ой келет экен.
+8
ErkinOkenovich
2021-10-16 07:58:01
Baktiyar731,Сенин жазгандарынды окуп алып, сен эмес мен уялып кеттим. А сенин апан барбы? Сенин жазганынды окуса апан уялганына чыдай албайт окшойт
-3
Chagylgan7
2021-10-15 16:03:54
Антирадикал коментинердин баарысына плюс +++++++Туура айтып жатасынар
+6
Marni
2021-10-15 22:09:53
Антирадикал, молодец! Менден да +++++.
+4
Mina24
2021-10-16 01:19:52
Сабырдуу болунуздар болбогон бокту айтпай кыргыз качан майда суйлочу эле келгиле биригели туугандарым менин алакандай элбиз бир женден кол бир жакадан баш чыгаралы
+2
ErkinOkenovich
2021-10-16 08:04:41
Бул жакта бийликке (Садыр Нургожоевичке) каршы адамдар иштейт экенсинер.90% бийликти жамандаган смсчилер экен. Супер кабар болумудо иштегендер силер дагы ошолорго кошулат экенсинер
-6
modem4999
2021-10-16 10:16:05
ErkinOkenovich, бул деген ажонун рейтингинин тушуп кеткендигин байкасак болот.
+7
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан