Бүгүн, 11-ноябрда Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун 85 жылдыгына карата анын айкелинин ачылуу аземи болду. Иш-чарага окуу жайдын окутуучулар жамааты жана студенттер, мекемелердин жетекчилери катышты.
Айкелди Ош шаарындагы белгилүү скульптор Токтобай Жумагулов жасаган. Окуу жайдын ректору Каныбек Исаковдун айтымында, айкелдин бийиктиги Чыңгыз Айтматовдун боюнун узундугу менен барабар же 168 сантиметр. Мындан сырткары жазуучунун айкели жакынкы күндөрү окуу жайдын кыргыз филологиясы факультетинин кире беришине да коюлары тууралуу ректор Каныбек Исаков кошумчалады. Айкелди тургузуунун максаты -жаштарды китеп окууга үндөө, кызыктыруу.