Бишкекте Лексус RX унаасы жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүздү

Бишкекте Лексус RX унаасы жөө жүргүнчүнү өлтүрө сүздү. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 14-октябрда болжол менен саат 23:00 чамасында 1999-жылы туулган Т.У. аттуу айдоочу Лексус RX үлгүсүндөгү унаасын айдап, Пудовкин көчөсү менен түштүк тарапка бара жатып үйдүн тушунан 1977-жылы туулган Т.Н. аттуу жөө жүргүнчүнү сүзүп, андан ары жол жээгинде токтоп турган Мерседес-Бенц унаасын сүзүп токтогон.

Жол транспорт кырсыгынан жөө жүргүнчү ошол жерден көз жумган. Бул факты боюнча эки унаа убактылуу айып короого токтотулуп, тийиштүү экспертизалар дайындалып, жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Antiradikal3
2021-10-15 12:06:59
Азаматтар ай... Олкодо коррупция, тууганчылык, хаос орун алса мындай кылмыш-кырсыктар тыйылбайт, кайра кобойо берет. Адам олтуро сузгон канча айдоочу камалды, канча жылга камалды, кана айткылачы? Адам олумуно себепкер болгон ацдоочулардын ар онунун жети-сегизи кылмыш жоопкерчилигинен качып кутулат. Айрыкча олигарх чимкириктердин балдары, ойноштору, айдоочулары...

А камалгандар болсо 1-2 жылда досрочно бошоп чыгып жатат. Мыйзам баарына бирдей эмес. Ошол учун да токтобойт кырсыктар
+6
bond02
2021-10-15 12:19:29
Бир аз жалпагыраак тил менен жазсанар, олтуро сузду дебестен.
+8
Datka7777
2021-10-15 18:24:15
bond02,Боло берет буларга особенно супердеги сулууга
+1
Jacob.
2021-10-15 12:22:06
Журналист болбой куруп кал, жол кырсгынын кесепетинен каза болду дештин ордуна кочодогу досуна айтып бергендей эле олтуро сузду дегенин..
+7
Rusbayastan
2021-10-15 13:29:15
Ошондо айдоочу кыз экен деп камабадынарбы?
+5
KaGaH
2021-10-16 01:38:17
Өлтүрө сүздү,айла жок күлөсүң!
адамдар өтүүчү өтмөктөн Лексус жөө жүргүнчүнү сүзүп ал ошол жерден каза болду,деп жазгылачы бай болгурлар!)
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан