"Алтын балалык" борборун ишке киргизүү үчүн мамлекет башчысынын фондунан 3 миллион сом бөлүндү

Бүгүн, 15-октябрда президент Садыр Жапаров Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында жайгашкан "Алтын балалык" ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана балдар үчүн реабилитациялык борборун ишке киргизүү үчүн каражат топтоо боюнча кайрымдуулук марафонуна катышты. Бул тууралуу президенттик администрациянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Мамлекет башчысы өз сөзүндө борбордун курулушу 2000-жылдары башталып, дубалы тургузулуп, бирок иштер 2005-жылы токтоп калганын белгиледи.
Ушул жылдын март айында Садыр Жапаров саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев менен борбордо болуп, мекеменин курулушун бүтүрүү тапшырмасын берген.
Учурда имараттын бир бөлүгүн араб өлкөлөрүнүн фонду, бир бөлүгүн «Кумтөр Голд Компани» ЖАК курууда. Мындан сырткары демөөрчүлөрдөн, кайдыгер эмес жарандардан жана бардык каалоочулардан каражат тартуу үчүн кайрымдуулук марафонун өткөрүү чечими кабыл алынган.
Президенттин айтымында, борбор ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жана балдар үчүн реабилитациялык борбору 500 бейтапка эсептелген жана келечекте кеңейтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ.
"Учурда эки бөлүм иштеп жатат. Кардиохирургиялык бөлүм ачылып, 5 операция жасалды. Мындан сырткары аллергиялык бөлүм ачылды", - деди президент.
Мамлекет башчысы Ысык-Көлдүн климаты дагы бейтаптардын саламаттыгына жакшы таасир этерин кошумчалады.
Президент Садыр Жапаров мамлекет башчысынын резервдик фондунан 3 миллион сом бөлүп берди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан