Жамбылда жараксыз ок-дарылар жок кылына баштады

Казакстандын Коргоо министрлиги Жамбыл облусунун Байзак районунда ок-дары фрагменттерин жок кылуу жумуштары башталганын кабарлаган. Ок-дарыларды жардыруу иштерин инженер-саперлор жүргүзөт. Министрлик бир айда бул жумуштар бүтө турганына убада берген деп жазышат чет элдик басылмалар.

"Ок-дарыларды жок кылуу үчүн тоолуу жер, аскердик бөлүк менен калктуу конуштардан 12 чакырым алыстыктагы аймак белгиленди", - деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, жардырууга жакын жайгашкан калктуу конуштар жүргүзүлө турган иш-чаралар тууралуу кабардар, жардыруу боло турган жер курчалды.

10-октябрда Жамбыл облусундагы ок-дарылар сакталган Сарыкемер аскердик кампасынын аймагында мурда зыянга учураган жарылуучу заттардан өрт чыгып, анын кесепетинен жарылуу болгон.

Буга чейин, 26-августта Жамбыл облусунун Байзак районундагы аскердик бөлүктүн кампасында ок-дарылар жарылып, өрт чыккан. Жүздөгөн адам окуя болгон жерден көчүрүлүп, 17 адам каза таап, ондогон киши жаракат алган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан