Баткенде турак үйдөн өрт чыгып, үй ээси 3-даражадагы күйүк алды. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, өрт 14-октябрда катталды.
"Марказ айылындагы турак үйдүн 1 бөлмөсү күйдү. Кырсыктын кесепетинен 1984-жылы туулган үй ээсинин 2 колу жана бети күйүп ( 3-даражадагы күйүк), Кызыл-Кыя шаардык ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө жаткырылган. Өрттүн жалпы аянты 48 чарчы метрди түзөт", - деп айтылат билдирүүдө.
Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.