Алла Пугачёва жаңы чач жасалгасы менен күйөрмандарын таң калтырды

СССРдин Эл артисти Алла Пугачёва чач жасалгасын өзгөртүп күйөрмандарын таң калтырды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазышты.

Маалыматка ылайык, жакында орусиялык композитор жана ырчы Игорь Николаев жубайы Юлия Проскурякова менен кызы Верониканын туулган күнүнүн урматына чоң салтанат өткөрүшкөн. Иш-чарага көптөгөн шоу-бизнес жылдыздары келишти. Алла Борисовна жолдошу Максим Галкин жана кызы Лиза, уулу Гарри менен бирге келишкен.

Кызыктуусу, Пугачёва жаңы чач жасалгасы менен баарын таң калтырган. Ырчы адаттан тыш чач жасалгасы менен кечеге келген. Интернетте пайда болгон майрамдагы сүрөттөрдөн орус примадоннасы эми кыска чачтуу экенин көрүүгө болот. Күйөрмандары мындай чач жасалга ырчыны бир-эки жылга чындап жашартканын белгилешкен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
KG-312
2021-10-15 17:39:34
Бул жетеш эч эле каарыбай койдуго.
+6
nazira...
2021-10-15 19:38:40
KG-312,жетеш дегенин эмне?
-2
Akjol18
2021-10-15 20:45:25
nazira...,Жетим дегенди эркелетип айткан варианты
+5
nazira...
2021-10-15 21:25:10
Akjol18,таппаганыңар жок да. "Жетеш тирик" дебептир бир жолу. Пугачева жетеш болсо Галкин ким болду экен?
+1
nazira...
2021-10-15 21:29:44
Анан Антирадикал да "даканцалар" деп эле сайрап чарчайт го, ошонусуна да түшүнбөйм эмне дегенине. "До конца" болуш керек го.
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан